У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Статком: "Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда сегиз жылга узак жашайт"


Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда сегиз жылга узак жашайт. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын башындагы статистика боюнча өлкөдө калктын саны 6,5 миллионду түзөт. Анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер.

Негизи эркектер көбүрөөк төрөлөт, тагыраак айтканда, 100 кызга 105 уул туура келет. Бирок 40 жаштагыларды эсептегенде сан жагынан аялдар үстөмдүк кылат. Ал эми 80 жашка жеткенде эки эсе көп болуп, 100 аялга 55 эркек киши туура келет. 2019-жылы аялдардын жашоо узактыгы орочто 76, эркектердики 68 жаш куракты көрсөткөн.Ошондой эле Кыргызстанда орто эсеп менен аялдар үч жана андан көп, айылдарда төрт жана андан көп баланы жарыкка алып келери белгилүү болду.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter