У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин ар жерине абанын тазалыгын текшерген 50 датчик орнотулат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин көчөлөрүнө жана чет жакасындагы айылдарга абанын булгануусун ченей турган 50 датчик орнотот. Жабдыктар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланганын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ абанын сапатын үзгүлтүксүз өлчөөнү ишке ашыруучу электрондук картанын бет ачары болуп өткөн. Ага ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев, аталган банктын Кыргызстандагы атайын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Канокпан Лао-Арая жана Алматы — Бишкек экономикалык коридорунан өкүлдөр катышкан.

Канокпан Лао-Арая өзү өскөн жер менен Бишкекти салыштырган.
"Таиланддын түндүгүндөгү Нан шаарында чоңоюп өскөм. Ал дагы Бишкек сыяктуу эле өрөөндө жайгашкан. Ушундай эле көйгөйлөр Нанда дагы бар. Кыш мезгилинде бизде дагы аба кирдеп турат, андыктан бул маселени мен жакшы билем. Кыска аралыкта бишкектиктердин меймандостугун баалап, өлкөнүн жаратылышын, бөтөнчө, тоолорун көргөнгө жетиштим", — деген Канокпан Лао-Арая.

Өз кезегинде министр Ажикеев өлкөдөгү экология боюнча иш-чаралардын жана долбоорлордун аткаруучусу ӨКМ экенин айтып, Азия өнүктүрүү банкы кыргыз өкмөтү менен абанын булгануусунан пайда болгон таасирди азайтуу боюнча кызматташтыгын мындан ары дагы арттырарына ишенерин белгилеген.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter