Төрт фармацевтикалык компанияга дары-дармектердин бааларын көтөргөндүгү үчүн айып пул салынды
- 18.03.2021, 13:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Төрт фармацевтикалык компанияга дары-дармектердин бааларын көтөрүп жибергендиги үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн брифингде билдирди.
Анын айтымында, адистер рейддик иш-чараларды өткөрүп, бааларды текшерип жатышат. Баалардын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алуу максатында фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
«Төрт фармацевтикалык компанияга эскертүү берип, 112 миң сомго айып пул салдык. Кайра кайталанса, лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө ойлонобуз », - деди Алымкадыр Бейшеналиев.