Орусиянын губернатору Кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды
- 18.03.2021, 10:24,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Орусиянын Свердлов облусунун губернатору Кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Свердлов облусунун губернатору Куйвашев Евгений Владимирович кыргыз-орус региондор аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды", - деп жазылат билдирүүдө.