Жерүй кениндеги алтын комбинат ишке кирди
- 18.03.2021, 09:50,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Талас облусунда Жерүй кениндеги алтын комбинаты расмий түрдө ишке киргизилди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин катышып, сөз сүйлөштү.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи.
Ошондой эле ал эки маанилүү учурга — ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү жана кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду.
Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга жана бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон ушул сыяктуу долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп ишендирди.