Бишкекте бир кафе жана тез тамактануучу жай бузулду
- 17.03.2021, 11:44,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мэрия шаардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирип, мыйзамсыз объектилерди тазалоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жамааты Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Эдем" кафесинин ээлери менен сүйлөшкөндөн кийин демонтаж кылышкан.
Андан кийин ыктыярдуу түрдө демонтаждалган "FOOD TRUCK" тез тамактануучу пунктун алып салышты. Лушихин жана Молдо Нияз көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз павильон да демонтаждалат.