У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карызынан кутулуу үчүн жаш кызды чет өлкөгө сатып жиберген аял кармалды


 
Өзбекстанда 52 жаштагы аял адам сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Рodrobno.uz  Ички иштер министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, Ташкент районунун Яккасарай айылынын 52 жаштагы тургуну Навои махаласынын 23 жаштагы тургунуна борбордогу азык-түлүк дүкөндөрүнө жумушка орноштурам деп убада кылган. Бирок ал убадасына турбай, 2020-жылдын октябрь айында кызды Ташкент эл аралык аэропорту Түркияга жөнөтүп жиберген», - деп билдирди министрлик.
 
Кийин белгилүү болгондой, аялдын карызы болгон жана аны төлөө үчүн ал кызды Түркияда жашаган жарандарга сатып жиберген.
 
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси «Адам сатуу» менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter