У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында Даун синдрому бар балдар үчүн борбор ачылат


 
Ош шаарында Даун синдрому бар балдар үчүн ресурстук борбор ачылат. Бул Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелеринин кайрымдуулук фондунун директору Жылдыз Туратбекова менен жолугушту. Ал өзүнүн иши жана ресурстук борбор ачуу пландары жөнүндө айтып берди.
 
Шаар мэри муниципалитет жыл сайын жайларды ижарага алуу, жол чыгымдары, борбордун кызматкерлерин Москвадагы мыкты мекемелерде окутуу жана квалификациясын жогорулатуу жаатында материалдык жардам көрсөтөөрүн айтты. Борбордун ачылышы 21-март - Бүткүл дүйнөлүк Даун синдрому күнү болот. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter