"Бишкекте адамдар эс-учун жоготуп кулап жатат" деген жалган видео тарады
- 23.03.2020, 18:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык тармактарда "Бишкекте адамдар эс-учун жоготуп кулап жатат" деген билдирүү менен видео желдей тараган. Көп өтпөй Саламаттыкты сактоо министрлиги видеодогу маалымат чындыкка дал келбестигин маалымдашты.
"Видеодогу маалымат чындыкка дал келбейт, арыктын жээгинде жаткан адам алкоголдук ичимдикти көп пайдаланып алган. Анын өздүгү такталып, үйүнө жеткирилди",- дейт маалыматта. Элди дүрбөлөң кылгандар табылып, өз жазасын алаарына ишеним артабыз.