У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талас облусунда адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


 Талас районунда адам уурдоо жана бейбаштык боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, ушул жылдын январь айынын аягында Бакай-Ата районунда төрт эркек киши түн ичинде айылдын бирине жергиликтүү тургунга конокко келишкен. Эки жаранды унаага күч менен салып, аларды ээн жерге алып барып, сабашкан.
 
Факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170 «Адам уурдоо» жана 266 «Бейбаштык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө үч шектүү дароо кармалып, бирөөсү качып кетүүгө үлгүргөн. Ал 12-мартта табылып, камакка алынган.
 
 Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү М.М. мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун (ОПГ) мүчөсү катары ИИМдин катоосунда турган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter