Тогузунчу кабаттан кулап кеткен куруучунун абалы орто оор. Мамлекеттик экотехинспекция иликтөө иштерин баштады
- 12.03.2021, 15:57,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жаӊы курулуп жаткан үйдүн тогузунчу кабатынан кулап кеткен куруучунун абалы орто оор деп бааланууда. Бул тууралуу 12-мартта «Азаттык» радиосуна Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштерин жасап жаткан учурда кулап кеткен куруучу 19 жашта. Ал 1-мартта оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын жамбаш жана шыйрак сөөктөрү сынып, ички органдары айрылып кеткен. Мээси да чайкалган. Ички органдарынан операция болгондон кийин хирургия бөлүмүндө которулган. Эми сынган жерлерине операция жасалат.
Ошондой эле Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынан кулап кеткен куруучунун иши боюнча комиссия түздү. Түзүлгөн комиссия 15 күндүн ичинде иликтөө жүргүзүп, болгон окуя боюнча өз өкүмүн чыгарат.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренесинин (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
Эске салсак, окуя 1-мартта Аалы Токомбаев (Түштүк магистралы) көчөсүндө жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринде болгон.