Бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын сотко беришти
- 12.03.2021, 10:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссиясын сотко беришти. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов маалымдады.
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү түнкү саат 00:00дөн кийин 5 партиянын документтерин кабыл алдыңар деп сотко беришти. Мыйзамдын негизинде, партиялардын документтерин биз шайлоо күнүнө 40 күн калганга чейин, 1-март түнкү саат 00:00гө чейин кабыл алышыбыз керек. Бирок түнкү саат 00:00гө чейин партиянын өкүлдөрүнүн баары документтери менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын имаратына келишкен. Биздин кабыл алып атканыбыз түнкү 00:30га чейин уланып кеткен. Көбүнчө партиялар түнкү 23:00дөн кийин келип, физикалык кезекке кеч келишкен. Бирок факт жактан баары имараттын ичинде болгон. Ошон үчүн коалициянын мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссия документтерди туура эмес кабыл алып жатат деп сотко кайрылып жатышат. Бирок анын андай арызданганга, киришкенге укугу жок. Алар аны түшүнбөй БШКга арыз берип жатышат. БШК болсо материалдарды карап жатканда, 7-мартта аймактык шайлоо комиссиянын ишине мыйзамсыз киришип жатат деп ошол фактты кабыл алып, Ички иштер министрилигине карап чыксын деген чечим кабыл алган. Булар ошондон корктубу, ошол чечимди сотко берип жатышат", - деди Маматов.