У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузуулар катталды

Талас облустук прокуратура органдары жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып К.Т. аттуу жаранга берилген жерден А.Б.аттуу райондун тургунуна жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом кабыл алышкандыгы аныкталган.

Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлери жогорудагы токтомдун негизинде, билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттик акты даярдашып, анын жыйынтыгы менен А.Б. аттуу жаранга генералдык планында каралбаган жер тилкеси мыйзамсыз катталган.

Жер тилкеси биринин үстүнө бири катталып берилгендигинин кесепетинде, ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлери дагы башка эки жарандын укук күбөлөндүрүүчү документтерине жалган маалыматтарды киргизишкен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter