У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте УКМКнын атын жамынып акча талап кылган адамдар кармалды


Эки адам өздөрүн УКМКнын кызматкерлери деп тааныштырып, тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш ишинде оң чечим чыгаруу үчүн шектүүлөрдүн биринин туугандарынан 180 миң доллар алышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Анын айтымында, кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар 49 жаштагы Абдыразак Кожоев жана 43 жаштагы Кумар Мамаджанов болуп чыкты. Алар өздөрүн УКМКнын жетекчилигинин атынан тааныштырып, тергөө жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн шектүүнүн туугандарынан 180 миң доллар алышкан.
 
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аталган адамдардын алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды тиешелүү арыз менен кайрылууну же УКМКнын нөөмөттүк кызматына чалууну суранат: 0312 66-04-75 . Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter