У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалымат айткандарга 5 млн.доллар сыйлык берет


АКШнын Мамлекеттик департаменти кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевди камакка алууга же айыптоого жана анын уюшкан тобунун каржы схемасын бузууга жардам берген баалуу маалыматтар үчүн сыйлыкты 5 миллион долларга көбөйттү.
Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 5-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, сыйлык Мамлекеттик департаменттин Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасынын (TOCRP) алкагында берилет.
Ал программанын жардамы менен 75тен ашык трансулуттук кылмышкерлер жана наркобарондор жоопко тартылган.

Маалыматтарды АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы (DEA) менен Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) +1 202-643-0383 номери аркылуу, WhatsApp, Telegram, Signal мессенжерлеринде да кабыл алат.
Каалоочулар АКШнын жакын жайгашкан элчилиги менен консулдугуна барса же Kolbayev_Tips@usdoj.gov электрондук дарегине кат жолдосо болот.
Мамлекеттик департамент маалымат бергендердин баарынын купуялуулугу камсыздаларын айтууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter