Аксы районундагы массалык уулануунун себеби айтылды
- 04.03.2021, 14:40,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Аксы районунда массалык ууланууга спирт ичимдиги себеп болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат каражаттарына билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-мартта саат 13.30дан 16.30га чейин Кара-Суу айылынын 19 тургуну кафеде түштөнүшкөн. Жабырлануучулар спирт ичимдигин сууга аралаштырып ичишкен жана салат, бешбармак жешкен.
«Азыр Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана аймактык оорукананын адистер тобу биргеликте эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүп, уулангандар менен бирге тамактангандардын үйлөрүн кыдырууда. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», - деп билдиришти департаменттен.
Эске салсак, бүгүн Аксы аймактык ооруканасына тамак-аштан ууланган төрт жабырлануучу кайрылган, алардын үчөө реанимациялык чаралар көрүлгөнүнө карабастан көз жумган. Бир жабырлануучу терапия бөлүмүндө дарыланууну улантууда. Дагы үч жабырлануучу үйүндө каза болду.