Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов каза болду
- 01.03.2021, 09:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Узакка созулган оорудан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов көз жумду. Бул тууралуу «Бир-Бол» партиясы билдирди.
Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунда туулган.
2015-жылы «Бир-Бол» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
«Фабула кж» сайтынын редакциясы Алмазбек Акматовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.