У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустун кийинки толкунуна даярдыктар башталды


Баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү жана жаңы толкундун пайда болуу ыктымалдыгына даярдыкты талкуулашты. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Элчилик Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин 170 жетекчиси үчүн «Саламаттык сактоо мекемелерин кризис шартында башкаруу: COVID-19» деген аталышта тренинг өткөрүүгө көмөктөштү.
Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын башкаруу жана адистерди үзгүлтүксүз окутуу долбоорун ишке ашыруу үчүн Швейцария өкмөтү жалпысынан 2 миллион франк бөлүп берген.

Тренингге катышкан дарыгерлер ооруга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүшкөнүн, эгер ошол тууралуу мурда билсе вирустун жайылышына олуттуу бөгөт коюлмагын айтышты.
Кыргызстанда коронавирус жуккандар 86 миңден ашты, каза болгондор 1,5 миңге чамалады. Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлери 4 миңден ашты. (RK)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter