Бишкекте биологиялык активдүү кошулманын (БАД) түрлөрүн жасаган жашыруун цех аныкталды
- 26.02.2021, 10:58,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте биологиялык активдүү кошулманын (БАД) түрлөрүн жасаган жашыруун цех аныкталды. Иш өндүрүү үчүн тийиштүү уруксат кагаздары жок жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал жерде жашыруун даярдап сатуу менен алектенген чет өлкөлүк эки жаран аныкталды. Алар “Сейдене майы”, “Зайтун майы”, «Омега 3-6-9» деген каражаттарды колго жасоочу жашыруун цех ачып алышкан деп айыпталууда.
Текшерүү учурунда материалдык далилдер (идиштер, этикеткалар, даяр продукциялар) алынгандыгы белгиленди. Аларга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Мыйзамсыз ишкердик фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.