Кыргызстан өткөн жылы мал жандыктарын адаттагыдан көп экспорттогон
- 26.02.2021, 10:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу Кыргызстандан мал сатып алуу бир нечеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Бодо мал менен майда жандыктар (кой, эчки) коңшу мамлекеттер Өзбекстанга жана Тажикстанга экспорттолгон.
2020-жылы 10,9 миң бодо мал сатылган, андан мурдагы жылы болсо 1,3 миң гана ири мүйүздүү мал экспорттолгон.
- Тажикстан — 506 баш мал кеткен (2019-жылы 739);
- Өзбекстан — 10 408 (2019-жылы 574).
Өткөн жылы 36 339 кой жана эчки сатылган, ал эми 2019-жылы болгону 5 075 жандык экспорттолгон. Бардыгын Өзбекстан алып кеткен.