Биринчи жолу өтөт. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкандар дебатка катышат
- 22.02.2021, 10:03,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биринчи жолу теледебаттар өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары
Абдыжапар Бекматов билдирди.
Айтымында, азыркы тапта буга байланыштуу коомдук канал менен сүйлөшүү иштери жүрүүдө.
“11-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону азыркы эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу, талапкерлердин шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүсүнө, массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялоону партияларга жана талапкерлерге сунуш кылып жатабыз. Албетте бул кырдаалга жараша.Негизи мурун жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо алдында мындай үгүт формасы өткөрүлгөн эмес. Андан тышкары борбор шаарында, Ош жана башка облустардагы саясий партиялардын деңгээлин, алардын программасын, партиянын курамындагы талапкерлерди элге кенен жеткирүү максатын да көздөйт.Азыр телерадио компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул үгүт өнөктүгү талапкерлер жөнүндө максималдуу маалыматты камсыздайт”, - деди Бекматов.