Батирден өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш наристеси көз жумду
- 20.02.2021, 11:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жамбыл облусунда Жанатас шаарында беш кабаттуу имараттагы батирлердин биринен чыккан өрттөн беш жашы жете элек бала каза болду.
Каргашалуу окуя 19-февралда саат 15: 15те болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, үчүнчү кабаттагы батир өрттөнүп, анда чоңдордун көзөмөлүсүз калган 2015, 2016, 2017, 2019 жана 2020-жылы туулган беш бала болгон.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөнүн атасы жумушта болгон, энеси дүкөнгө кеткен. Өрттүн кесепетинен жашы жете элек балдардын бардыгы ууланып, тезинен ооруканага жаткырылган, бирок бир аз убакыттан кийин алар көз жумган», - деди Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Талгат Уали.
Облустук акимчилик атайын комиссия түзүп, окуянын себептерин аныктайт. Министрлик ошондой эле бийлик жабыркаган үй-бүлөгө ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн, анын ичинде психологдордун жардамы жана чарчап калган балдарды акыркы сапарга узатуу иш-чараларын уюштурарын белгиледи.