У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каныбек Жолчубеков спорттон кеткенин жарыялады


 Грек-рим күрөшү боюнча балбан жана Кыргызстандын курама командасынын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктагандыгын жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
 
Министрликтин маалыматы боюнча, спортчу машыктыруучулар штабына, дарыгерлерге, күйөрмандарга, үй-бүлөсүнө жана ага колдоо көрсөткөндүгү үчүн ага кесипкөй жардам бергендердин бардыгына ыраазычылык билдирди.
 
Ал спорттон кетүү тууралуу грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын ачылыш аземи учурунда билдирди. Каныбек Жолчубеков студенттер арасындагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азиянын чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter