У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Билим берүү министри Пакистандыктардан КР ЖОЖдорун кара тизмеден чыгарууну өтүндү


Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга жумушчу сапары менен барды. Ал сапарында Кыргызстандын медициналык университеттерин Пакистандын медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун талкуулады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиев аталган өлкөнүн билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушту.Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар орто жана жогорку билим берүү, кесиптик билим берүү, эки өлкөнүн университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашкан.
Ошондой эле Пакистан студенттеринин Кыргызстанда окутуу үчүн шарттарды жакшыртуу маселелери да каралганы айтылат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter