Пневмония менен ооруган жүзгө жакын бала ооруканада дарыланууда
- 15.02.2021, 11:52,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кавасаки синдрому менен ооруган үч бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда. Алардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Камчибек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эртең менен абалы жакшырган балдар ооруканадан чыгарылды. Дарыгерлер аларды алыстан көзөмөлдөөнү улантышат.
Ошондой эле Узакбаев жугуштуу пневмония менен ооруган балдардын саны көп катталып жатканын, учурда Эне жана балан коргоо улуттук борборунда пневмония менен ооруган жүзгө жакын бала даарыланууда экенин, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте пневмония менен ооругандар үчүн кошумча бөлүм ачуу маселеси чечилип жатканын айтты.