15-февралга карата аба ырайы
- 15.02.2021, 09:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

15-февралга карата Кыргызстандын аба ырайы. Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18;
Таласта +12...+17;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19;
Ысык-Көлдө +4...+9,
Нарында -4...+1 градус болот.