Ысык-Көл милициясынын начальниги Улан Асанбаев кызматтан алынды
- 13.02.2021, 09:06,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Асанбаев коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кемчилик кетиргени үчүн коллегиянын чечими менен жумуштан кеткен.
Эске салсак, бүгүн, 12-февралда, ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болгон. Ага өкмөт башчы Улукбек Марипов, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жана шаардык, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери катышып, бир катар маселелер талкууланган.Асанбаев аталган кызматка 2019-жылдын 28-февралында келген. Ага чейин Каракол шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштечү.