У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцина өндүрүлүшү мүмкүн


Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында "Спутник V" вакцинасынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Армениянын фармацевтика тармагындагы ишканаларды тартуу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматына таянып, маалымат булакары жазып чыгышты. 

"Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында "Спутник V" вакцинасынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Армениянын фармацевтика тармагындагы ишканаларын тартуу маселеси талкууланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
 
Өткөн жылдын декабрь айында стратегиялык жактан маанилүү дары-дармектерди өндүрүү стратегиясы иштелип чыгып, ЕЭКтин сайты аркылуу коомдук талкууга коюлган. Анда ЕАЭБде фармацевтикалык өндүрүштү жолго коюу, импорттун ордун басуу үчүн жаңы ишканаларды түзүү жана коронавируска каршы вакцинаны жетиштүү көлөмдө чыгаруу маселелери каралган.
ЕЭКтин маалыматына караганда, Россиянын түз инвестициялар фонду "Спутник V" вакцинасын ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен биргеликте өндүрүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул тема ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян декабрь айында Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолуккан учурда талкууланган.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter