У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Ош базарынын" айланасындагы сойкуканаларга рейд жүрдү


Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" айланасындагы сойкуканаларга жана мейманканаларга рейд жүрдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 5-6-февраль күндөрү жүргүзүлгөн.

"Алдын-ала иш-чараларын жүргүзүлүп, интимдик кызматтарды көрсөтүүдө ишке тиешеси бар адамдар аныкталды. Иш-чаралардын жүрүшүндө эки аял аныкталды. Алар Биринчи Май РИИБне өздүгүн тактоо үчүн жана мыйзам бузууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүү үчүн алынып келинген", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, күнүмдүк мейманканалардын ишмердүүлүгү дагы текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter