У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кызматкерлерди кемсинтип, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптарды сабаган карылар үйүнүн жетекчисине иш козголду

Бишкек стационардык социалдык мекемесинин (карылар үйү) мурдагы директору Адилбек Козубаевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу юрист Бактыбек Жумашев маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Анын айтымында, мекеменин кызматкерлеринин бири Ирина Побежимова Адилбек Козубаевдин үстүнөн милицияга арыз менен кайрылган. Арызда мекеменин мурдагы жетекчиси Эркингүл Абдылдаева соттун чечими менен кызмат ордун калыбына келтиргенге чейин мекемени жетектеген Адилбек Козубаев кызматкерлерди кемсинтип, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын кызматына муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бейтаптарды сабап, мүмкүнчүлүгү чектелген Надежда Фомичеваны жер төлөгө камап салган. 
 
Бул факты менен Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бактыбек Жумашев ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кандайча кордолуп жаткандыгын көрсөткөн видео бар экендигин айткан. Тартипти бузгандыгы үчүн бейтаптар муздак дааратканага камала турганын билдирген.
 
 
Буга чейин Жогорку сот карылар үйүнүн мурдагы директору Эркингүл Абдылдаеванын кызматтан алынышын мыйзамсыз деп тапкан. Бирок, ал кызмат ордуна бир жарым жыл бою калыбына келтирилген эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter