Өлкөдө коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан 165 бейтаптын абалы оор
- 06.02.2021, 12:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 6-февралга карата өлкөдөгү медициналык жайларда коронавирус инфекциясына каршы 492 бейтап дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:
* 3 бейтап - канааттандырарлык абалда;
* 324 бейтап - орто оордукта;
* 133 бейтап - оор абалда;
* 32 бейтап - өтө оор абалда.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн бери жалпы 84 миң 992 жаран жабыркаса, анын 81 миң 542си айыкты. Тилекке каршы, 1 миң 423 бейтап көз жумду.