У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Данияр Сыдыков: "Чет өлкөдөн келген гуманитардык жардамдын «Гсын» да көргөн жокпуз»"


Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстанда былтыр жай айларында коронавирус күчөп турганда чет өлкөдөн алынган гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу суроолорго жооп берди. Ал бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Данияр Сыдыков жардамдар кийин Кыргызстандын ичинде кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча маалыматы жок экенин, ишти башка мамлекеттик органдар жасаганын жана өзү да коронавирус болуп ооруганда дары таппай кыйналганын билдирди.

«Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм да коронавирус жуктуруп, илдеттин өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип жатканга оорукана таппай, дары-дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын «Гсын» да көргөн жокпуз» дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter