У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Таатан", "ГОИН", 78ге жакын кыймылсыз мүлк. Жумалиевдин мүлкү саналды...


Кечээ, 4-февралдын кечинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынган. Ал Эл аралык медициналык университетке лицензияны мыйзамсыз алган жана башка бир катар мыйзамдарды бузган деп шектелип жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан  кабарлашты. 

"Депутат Кубанычбек Жумалиев өзүнүн саясий таасирин колдонуп, кысым көрсөтүү менен Эл аралык медициналык университетине лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды. Тиешелүү комиссия окуу жайга уруксат кагаз берүүдөн баш тарткан. Бирок Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, лицензия берилген", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жумалиев жана ага байланышы бар адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганы айтылды.

"Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектилери жана ар кандай компаниялар ачыкталды. Алардын катарында Жумалиевге мурда менчиктештирилип, анын туугандарына жана аффилирленген адамдарга таандык болгон "Таатан" жана "ГОИН" соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот заводу, телерадиокомпания аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан кошумчалашкандай, Жумалиевге 4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter