У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө эне менен баланы өлтүргөн кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалды

1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул үрөй учурган кылмыштуу окуя тергөөгө алынып, жыйынтыгында алар эне бала экени аныкталган. Экөөнү бирдей өлтүрүп из жашырып кеткен кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды.
"Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter