Сутка ичинде 1 адам каза болду, 97 адам вирус жуктурду, 157 бейтап сакайды
- 26.01.2021, 10:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 26-январга карата республика боюнча коронавирус инфекциясы 97 жарандан аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына
ылайык, 40 жаран COVID-19, 57 бейтап пневмония илдетинен жабыркай турганы аныкталды.
Муну менен өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган күндөн бери 84 миң 68 жаран жабыркады.
Ал эми бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 157 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 80 миң 182 болду. Ошондой эле вирустан 1 бейтап көз жумганы да айтылды.