“Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасы "сууга цианид төгүлгөн" деген маалыматты четке какты
- 25.01.2021, 09:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасынан "сууга цианид төгүлгөн жана уулуу калдыктар сакталган жайлар ачылып кеткен" деген маалымат тарап жатат.
Ал эми мамлекеттик ишкана мындай маалыматтарды төгүндөдү. Алар, кечээ, 24-январда расмий билдирүү жасап, алтын иштетүүдө цианид колдонулбай турганын айтышты.
Эске салсак, 23-январда алтын кенин иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулгандыгы айтылган. “Кыргызалтын ” ишканасы кырдаал жөнгө салынганын, анын кесепети ыкчам жоюлганын, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок экенин кабарлаган.