У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Маликов: "Жоолукка каршы болуу диний үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна тоскоолдук жаратат"


Социалдык тармактарда жоолукчан кыздын жоолугун мугалимдер чечтирген маалымат тарагандан кийин жоолук маселеси боюнча муфтиятка ар кайсы аймактардан көптөгөн кайрылуулар жана даттануулар келип түшкөн. Айтымдарында, алар жоолуктун айынан мектеп жашындагы кыздарын мамлекеттик билим берүү мекемелерине жибере албай калышкан.

Бул тууралуу муфтийдин орун басары Кадыр Маликов социалдык тармактагы жеке баракчасына маалымат жарыялады.
Анын айтымында, бул позиция зулумдукка, акыйкатсыздыкка алып келет.

"Анткени бул абал диний үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна тоскоолдук жаратат. Жоолукту же окууну тандаш керек деген талап туура эмес. Анткени жоолук салынуу ар кимдин өз тандоосу, илим алуу – бул милдет. Дин тутуу эркиндиги жана бардык жарандар үчүн милдеттүү билим алуу укугу жөнүндө Конституциялык укуктарга токтолуп, биз бул жерде ачыктан-ачык мыйзам бузууларды жана өзүм билемдикти көрүп жатабыз. Мектептерде жоолук салынуу маселесинен улам өлкөдөгү чыр-чатактуу кырдаалдардын көбөйүшү, динге ишенгендерди мамлекеттен алыстатып, көйгөйдү идеологиялаштырууга алып келиши мүмкүн деп айткым келет. Биз агрессивдүүлүккө жол бербей, бардык тараптардын (мамлекеттик органдар, укук коргоочулар, ар кандай коомдук уюмдар, муфтият ж.б.) катышуусу менен конкреттүү иштерди талкуулоо менен чечишибиз керек. Бул көйгөйдү акылга сыярлык чечимдерди издеп, аны ишке ашыруу менен гана чечүүгө болот. Биз укук эркиндиктеринин тең салмактуулугун издеп, бири-бирибизди угуп, ар бир жарандын диний жана светтик баалуулуктарын сыйлашыбыз талапка ылайык”,- дейт Маликов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter