У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Британиянын премьер-министри коронавирустун жаӊы түрүндө өлүм көп катталарын айтты

 
 Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирустун «британдык» штаммында адам өлүмү көп катталарын айтты.  Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 
 
Ошондой эле Джонсон коронавирустун жаӊы түрүндө мурдагыга салыштырмалуу өлүм 30 пайызга көп болорун жана 70 пайызга жугуштуу экенин билдирди.  Ошондуктан Британия азырынча карантиндик режимден чыгуу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, анткени коронавирустук инфекциялардын деңгээли дагы деле болсо жогору экендигин, ири шаарлардагы ооруканалар бейтаптардын агымын көтөрө албай жаткандыгын белгиледи.
 
Илимпоздордун белгилешинче, жаңы мутация балдарга көбүрөөк таасирин тийгизет жана алар тарабынан таралат. Британиялык дарыгерлердин айтымында, учурда вирустун бул варианты калк арасында негизги агымга айланды.
 
Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Жонсондун айткандары боюнча өз пикирин билдирип, коронавирустун "британдык" штаммында өлүмдүн көп болушу саламаттык сактоо системасына күч келгенине байланыштуу деп жооп берди. 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter