У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: Калктын 47 пайызы коронавирус менен ооруп айыкты

 
Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты коронавирус инфекциясынын  антителосуна текшерет. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди. 
 
Ал белгилегендей, жеке медициналык борборлордун маалыматы боюнча, Кыргызстандын калкынын 47 пайызы коронавирус инфекциясы менен ооруп айыкты.
 
«Өкмөттүн тапшырмасы менен биз бүткүл өлкө боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Калктын канча пайызы коронавирус менен ооруп айыкканын билгибиз келет. Жыйынтыгы январдын аягында даяр болот», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
 
 Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, март айынан бери өлкөдө жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 83 585 учуру катталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter