У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Вакцина эффективдүү эмес" дегендерге министрлик кайрылуу жасады


Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда. Бирок эл арасында жаңы вакцинага болгон ишенбөөчүлүк күчтүү. Анткени вакцина ийгиликсиз болуп калып, каза тапкандар жөнүндө маалымат ого эле көп. Ошентсе да эмдөөдөн өтүү өлүмдүн азайышына жардам берерин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

"Вакцина эффективдүү эмес, эмдөөнүн коркунучу бар деп айтылып жатканын билебиз. Бирок вакцина инфекциядан каза болгондордун санын азайтат. Алдын-ала эсептөө боюнча, COVAX механизмининин алкагында өлкөдө 1 миллион 2 миң жаран эмдөөгө муктаж. Эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү пландалууда. Ага ылайык, эң биринчи кезекте медицина тармагында иштеген кызматкерлер жана калкты тейлөө борборлорунда иштегендер эмдөөгө алынат", - деди Акматова.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter