Аракечтик. 27 жаштагы эне үч кызынан ажыратылды
- 21.01.2021, 11:34,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарында 27 жаштагы эненин үч кызы мамлекеттин камкордугуна өткөрүлүп берилди. Буга эненин аракечтиги себеп болгон. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн маалымат каражаттарына билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир күн мурун милиция кызматкерлери жашоо шарты оор болгон 27 жаштагы келиндин үйүнө барган. Алар барганда келин мас абалда болуп, кыздары каралбай, үйдөгү тазалык сакталбай, санитардык эрежелер бузулганына күбө болушкан.
«Аял алкоголдук ичимдиктерди кыянаттык менен пайдалангандыгына байланыштуу, бир нече жыл мурун камкордукка алуу органдары анын улуу кызын мамлекеттин камкордугуна алышкан. Жакында анын дагы бири алты айлык, экинчиси 3,5 жаштагы эки кызын да алып кетишкен. Улуу кызын алып кеткен учурда энеге сыноо мөөнөтү берилген. Бирок ал берилген убакытта өзүн оӊдоого аракет кылган жок. Үйдөгү тазалык жана тартип сакталбайт, санитардык нормалар бузулат. Шаардык балдар иштери боюнча комиссия жашоо шартын, ошондой эле эненин алкоголдук ичимдиктерин кыянаттык менен пайдалангандыгын эске алып, эки кызды мамлекеттин камкордугуна калтыруу чечимин кабыл алышты», - деп билдирди ШИИБ.
Милиция кызматкерлери аялды аракечтиктен дарыланууга жана психологдон жардам суроого көндүрүшкөн.