У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дамирбек Назаров Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды


 
Жогорку Кеңеш Дамир Назаровду Жогорку соттун судьялыгына шайлады. Чечим бүгүн жыйында кабыл алынды. Дамир Назаровго 92 депутат, бирөөсү каршы добуш берди. 

Ал депутатынын суроосуна жооп берип жатып, судья өзүнүн бардык кирешелери жана мүлктөрү жөнүндө декларация тапшыргандыгын белгиледи. «Менин жылдык кирешем 400-450 миң сомду түзөт», - деп кошумчалады Дамир Назаров.
 
Дамир Назаров 42 жашта. Юридикалык тажрыйбасы 20 жыл, анын ичинен 12-жылдан ашуун судья болуп иштеген. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы, экинчи чакырылыштагы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү, андан кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна сынактык тандоодон өткөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter