Балыкчы шаарында видеокамераларды орнотууда 3 миллион сом уурдалган
- 20.01.2021, 10:45,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Финпол Ысык-Көл облусу боюнча «Балыкчы шаарына видеокөзөмөл орнотуу» долбоорун ишке ашыруу учурунда иштин көлөмүнүн баасын ашыра көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондунун жетекчилиги менен «Н.С» ЖЧКсыны 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзгөн. Бул объект үчүн жабдуу жана программалык камсыздоо тутумдарынын наркы болжол менен 7 миллионго сатылып алынган, бирок, жумуш аяктагандыгы жөнүндө сертификатта, бул аппараттык тутумдар 2 миллион сомго ашыкча айырма менен эсептелген.
Мындан тышкары, салык төлөөдө да мыйзам бузуулар катталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 3 миллион сом зыян келтирилген.