Ал аялын муунтуп өлтүргөндөн кийин, өз жанын кыюу үчүн дары ичип, Түп райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган А.А каза болду.
Маркум Долон айылынын тургуну болгон. Ал аялынын өлүмүнө шектелип жаткан.
Эске салсак, 9-январда Түп РИИБдин нөөмөт кызматына Долон айылынын чет жакасында жайгашкан кашардан күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, окуяны милицияга билдирген адамды аныкташкан. Ал ошол айылдын 38 жаштагы тургуну А.Д. болгон.
А. Днын айтканына караганда, 9-январь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында улуу агасы, 45 жаштагы А.А. телефон чалып, аялын А.Г.ны муунтуп өлтүрүп алганын айткан. А.Д. сарайга барганда уктоочу бөлмөдөн жеӊесинин сөөгүн, ал эми агасы дарыларды ичип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып жатканын көргөн. Ал окуя тууралуу милиция кабарлаган.
Уруштун келип чыгуусуна кызганыч себеп болгон. Алардын төрт баласы болгон.