Балбак Түлөбаев жумушка чыкпай койгон кичи автобустардын айдоочуларын жазалоо оюн өзгөрттү
- 19.01.2021, 16:38,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбор калаанын мэриясы жумушка чыкпай койгон кичи автобустардын айдоочуларын жазалоо оюн өзгөрттү. Бул тууралуу ал айдоочулар менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.
«Бул алардын укугу, бирок иштеп жаткан айдоочулардын эшик жана терезелерин сындыргандардын жоопкерчилиги каралат. Бул боюнча Ички иштер башкармалыгына тапшырма берилди», -деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев «Эгер айдоочулар кечке чейин ишке чыкпаса, мэрия алардын лицензияларын жокко чыгарып, жаңы фирмаларга линияларды берет»,- деп айткан.