Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар колго түштү
- 19.01.2021, 14:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топ Түркияда кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Тартип сакчылары 1 ай изилдөөндөн кийин Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди. Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.