У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайрат Примбердиев "Эмгек сиңирген артист" наамынан ажыратылбайт


Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун ырчы Кайрат Примбердиевди «Эмгек сиңирген артист» наамынан ажыратуу сунушун президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия колдогон жок. Бул тууралуу ведомствонун жазуу түрүндөгү жоопто айтылат.
 
Анын айтымында, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамы Кайрат Примбердиевге 2017-жылдын 20-ноябрында берилген. Наамдан ажыратуу сот тарабынан төмөнкү учурда гана каралат:
 
 Анда Жазык кодексинин 64-беренесинде кызматтык абалын жана кызматта берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасалган учурда атайын, аскердик, ардак наамынан жана дипломатиялык рангынан же класстык чининен ажыратуу каралганын эске салган.
 
Ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууга болорун билдирген.
 
Ушул берененин негизинде аталган комиссия Кайрат Примбердиевди наамдан ажыратууга "мыйзамдуу негиз жок" деп түшүндүрдү. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter