Манас Аэропортунун өкүлү: "Жарандык авиация агенттигинин билеттердин баасын коюуга тиешеси жок"
- 18.01.2021, 14:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 18-январда Орусияга болгон авиакаттамдардын жандануусу боюнча маалымат жыйын өттү.
Анда Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев жана аэропорттогу каттамдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Карим Усманов катышты.
Жыйында Шаршеев Жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын коюуга тиешеси жоктугун билдирди. Айтымында билет баасын авиакомпаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде коет.
“
Кыргыз авиакомпаниялар билеттин баасын эконом класста 32-33 миңден сатат. Ал эми Орусия тарап 50 миң сомдон ашык сатпайт. Бизнес класста билеттин баасы 70 миңден 300 миңге чейин сатылат", - деди Шаршеев.