У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын 3000 сомго сатып жүргөндөр кармалды


Адамдарды алдап, ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул маалыматты бүгүн, 15-январда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Колго түшүрүү иштерин Каржы полициясынын Сокулук жана Москва райондорундагы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүздү. Шектүүлөр ПЧР-тесттин жыйынтыгы таза деген жасалма бланктарды сатып турушкан. Бул иш Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасоо) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүүлөр анализдин жыйынтыгын 2 сааттын ичинде даярдап беришкен. Аны сатып алган адам эч кандай текшерүүдөн өтчү эмес. Бул бланк 3000 сомго бааланган.

14-январда алардын бланкын сатып алып текшерген Каржы полициянын кызматкерлери тарабынан К.Т. менен Т.у.Б. шектүү катары кармалды. Алардын үйүн текшерген учурда кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн даярдалган жасалма бланктар табылган.
Шектүүлөр камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter