У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Бала багып алам дегендерге мамлекет ай сайын 18 миң 757 сомдон төлөп берет"


Бүгүн, 14-январда баланы багып алуучу үй-бүлө, анын жол-жоболору тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова бала асырап алам дегендерге мамлекет акча төлөп берет экендигин айтты.

"Ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын үй-бүлөдө тарбияны албай калгандыгы балдардын өнүгүүсүнө терс таасир берет. Бул учурда мамлекет баланы үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбияло боюнча камсыз кылуу үчүн балага алтернатива түзүп берүүгө миледттүү. Багып алуучу ата-эненин жашы 35 жаштан 65 жашка чейин болушу керек. Багып алуучу менен асырап алуучу үй-бүлөнүн ортосунда айырма бар. Асырап алган үй-бүлө менен баланын ортосунда туугандык, укуктук байланыш түзүлөт. Алар балага өзүнүн аты-жөнүн берет. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө бала убактылуу тарбияланууга келет. Бул балдардын абалы мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми багып алуучу үй-бүлөгө айлык төлөнөт. Учурда өлкө боюнча 44 үй-бүлөдө 72 бала тарбияланып жатат.

Алсак, баланы багып алуучу үй-бүлөдө баланы камсыздоого бөлүнгөн акча баланын жаш курагына жараша эки жашоо минимумдун өлчөмүндө акы төлөнөт. багып алуучу ата-эненин эмгек акысы багып алган балдардын жаш курагына, санына жараша төлөнөт. Алардын эмгек акысы келишимге кол койгон убакыттан баштап төлөнө баштайт. Мисалы: азыркы күндө жашоо минимуму 6 миң 237 сом болсо, анын бир жарымын алганда, бир балага 9 миң 355 сом болот. Ал эми балага кете турган каржы 9 миң 402 сом болот. Ошондо бир баланы багып алган үй-бүлөгө балага кеткен каражат жана айлыгын кошкондо 18 миң 757 сомду түзөт. Эгер дагы бала кошулса айлыгы дагы кошула берет. Багып алуучуларга 5 балага чейин багууга уруксат берилет" , - дейт министр


Пикир калтыруу
Саламатсыздарбы Кыз багып алат эле болобу?
Саламатсыздарбы.
Бир кыз багып алатлек кандай кайсыл жерге кайрылсак болот.?
Жардам керек 
Кыз багып алайын деген ниетибиз чон. Жооп кутобуз чыдамсыздык менен. За ранее чоон рахмат. 
Саламатсынарбы биз бир эркек бала асырап алайлы дедик эле аяабай керек бир эле кызым бар 13 жашта озум 40 жаштамын жолдошум бар.
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter